Биз менен байланышыңыз

«Кошуна мамлекеттер сууну пайдаланганына жараша төлөшөт»

Кыска кабар | 25 Дек 2019 | 735 | 0

Президент Ташкентте Борбор Азия президенттеринин жыйынында сууну чогуу пайдалануу маселесине байланышкан суроого жооп берип жатып, бул маселе Кыргызстанда эле эмес, Борбор Азияда да маанилүү экенин белгиледи.

Өлкө башчысы Кыргызстанда эл аралык көп гидротехникалык курумалары аркылуу үч кошуна мамлекетке суу берилерин айтты. Ошол суу берүүчү курулмаларды чогуу пайдалануу боюнча биз каражат маселесинин бөлүнүшү тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Ошондуктан ким канча суу алса, ошол гидротехникалык чыгымдарга ошончо каражат төлөө маселесин койгонун айтты.

Маселен, мурунку жылдары Таластагы Киров районунда гидротехникалык курулманы казактар пайдаланып, 75 млн теңге төлөчү эле. Мен былтыр Нурсултан Назарбаев менен сүйлөшүп, азыр каражатты 115 млн теңгеге чыгардык. Кошуна мамлекеттерди алган үлүшүнө жараша каражат төлөтүү маселесин койдум. Башка президенттер да менин сунушумду туура түшүнүү менен кабыл алышты. Учурда Өкмөттүк деңгээлде сүйлөшүүлөр уланууда, — дейт президент.

Сооронбай Жээнбеков бул маселе оң жагына чечилиши керек деген ишеничин кошумчалайт.

Copyright © 2017 Maral FM