Биз менен байланышыңыз

Президент: Таза суу менен камсыздоо иши үзгүлтүксүз иштеп жатат

Кыска кабар | 25 Дек 2019 | 587 | 0

Кыргызстанда таза суу менен камсыз кылуу иштери үзгүлтүксүз иштеп жатат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков маалымат жыйынында билдирди. Программадагы 650 калктуу конуштун 90 айылында жана 5 шаарында калкты таза суу менен камсыздоо иши толугу менен бүттү. Ушул жылдын аягына чейин 11 айылда иш аяктайт.

-Бул үчүн 3 миллион долларды түзгөн долбоорлор ратификациядан өттү. Мындан тышкары, Евразия өнүктүрүү фонду менен биргеликте 200 млн долларлык меморандумга кол коюлду. Ошондой эле, Кытайдан 100 млн доллар грант алуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. 2024-жылга чейин 27 шаар таза суу менен камсыздалат. Ал эми Каракол, Балыкчы, Чолпон-Атада, Нарында жана Өзгөндө саркынды сууларды иштетүүчү системалар жаңыдан курулат.

Сооронбай Жээнбеков президенттик шайлоо алдында элди таза суу менен камсыздоону убадалаганын, бул иш жеке өз көзөмөлүндө экенин белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM