Биз менен байланышыңыз

Трамп: Мен христианчылык үчүн Исадан да көбүрөөк мээнет кылдым

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Дек 2019 | 912 | 0

“Христианство сегодня” (Christianity Today) аттуу журналга Трампты бийликтен кетирүүгө чакырык жасаган макала чыккан. Буга АКШ президенти: “Мен христианчылык үчүн Исадан көбүрөөк мээнет кылдым. Учурда христианчылык үчүн менден артык ким аракет кылып жатат? Азыр Иса жок. Ал небак жоголгон. Анын эмне болгонун да эч ким биллбейт. Ал эми мен болсо күнүгө акылынан айныган либералдардан чиркөөнү сактап келе жатам”, — жооп кылган.

Трамп Исанын бир кезде христианчылык үчүн мээнет кылганын танбайт, бирок учурда ал Исадан да көбүрөөк иштеп жатканын айтат.

  • Мен сотторду жарандардын диний укуктарын коргоо үчүн шайлап жатам. Ал эми Иса канча сотту дайындады болду экен? Иса келечекте адамдардын үстүнөн боло турган сот жөнүндө бир нерселерди айтты эле. Бирок мен аны көрө алган жокмун, — деди.

Мындан сырткары, Трамп Рождествону сактап калганы тууралуу:

  • Эми сиз “Рождествоңуз кут болсун “деп айта аласыз. Бирок майрамыңар кут болсун деп айтып жатканда Рождествонун эмне экенин тактап алгыла. Болбосо, түрмөгө түшүп калышыңыздар толук ыктымал. Ал эми Иса Рождество үчүн эмне кылыптыр? Болгону туулуптур. Ушунусу үчүн эле андан ыраазы болушун талап кылып жатпайбы. Кантип ушундай болсун? – деп элдин оозун ачырды.

Copyright © 2017 Maral FM