Биз менен байланышыңыз

Атамбаев мыйзамсыз курал-жарактарды сатууга да шектелүүдө

Кыска кабар | 25 Дек 2019 | 614 | 0

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге мыйзамсыз курал-жарактарды сатуу беренесине шектелгени тууралуу маалымдама берилди. Бул кабарды анын жактоочусу Сергей Слесарев маалымат каражаттарына билдирди.

Атамбаев барымтага алуу, массалык башаламандыкты уюштуруу, адамдын өмүрүнө кол салуу жана адам өлтүрүү беренелери боюнча шектелүүдө.

Тагылып жаткан иштердин баары 7-8-августта Кой-Ташта болгон окуя боюнча ишке бириктирилген. Ички иштер министрлиги, башпрокуратура жана аскер прокуратуранын тергөөчүлөрү тарабынан Алмазбек Атамбаевге бардыгы болуп 14 маалымдама берилген. Мурунку президент Кылмыш кодексинин 8 беренеси боюнча айыпталууда, — дейт адвокат.

Ал ошондой эле, башаламандык боюнча эле Атамбаевге 10 экспертиза дайындалган. Буга чейин баллистикалык экспертиза УКМКнын офицери Алмазбек Атамбаевге таандык Драгунов снайпердик мылтыгынан атылгандыгын аныктаганы айтылган. Слесарев бул экспертизанын жасалма болгондугун белгилеген.

Эске сала кетсек, УКМКнын “Альфа” аскер бөлүмүнүн командиринин орун басары Үсөнбек Ниязбеков мурунку президентти кармоо боюнча Кой-Таштагы атайын операцияда атылып өлтүрүлгөн.

Copyright © 2017 Maral FM