Биз менен байланышыңыз

Мэрия: Салюттан баш тарта албайбыз

Кыска кабар | 24 Дек 2019 | 853 | 0

Абанын булгануусунан кыжалат болгон активисттер жөө жүрүш кылышып, жардыргычтарды колдонбоого чакырык таштап жатышат. Ошондой эле социалдык тармактар аркылуу да «мен каршымын, салют атылбасын» деген ураандар менен, жаңы жылдык салюттарды атууга каршылыгын билдирип жатышат. Бул маселе боюнча мэрия эмне дейт, салюттан баш тартса болобу деген суроо менен борбор калаанын мэри Азиз Суракматовдун кеңешчиси Гуля Алмамбетовага кайрылдык:

— Бул боюнча буга чейин эле тендер өтүп, жеңүүчүсү аныкталган, ошон үчүн андан баш тартууга мүмкүнчүлүк жок. Салют атуу сертификат менен, тендер аркылуу өтүп жатат. Тендер буга чейин эле жыйынтыкталган. Бюджеттин эсебинен акча бөлүнгөн. Эгерде аны туура эмес колдонуп же четке какса, биздин кызматкерлер жоопко тартылат. Биз бардык ишти мыйзам чегинде алып барып жатабыз. Быйыл салют аттыруу аземи алты мүнөткө созулат. Ал үчүн 800 000 сом каражат бөлүндү. Андан сырткары, былтыркы эле балатыны кайрадан кооздогондуктан, каражат болушунча үнөмдүү пайдаланылды.

Эгерде салют аттырбай турган болсок, бизге шаардын депутаттары «Мэрия салют атпасын, акчаны коротпосун» деп токтом чыгарып бериши керек. Ушунча убакыттан бери бир да депутаттан мындай тариздеги токтом чыккан эмес. Ошондуктан биз пландалган иштерибизди аткарып жатабыз.

Социалдык тармактарда нааразычылыгын билдирип жаткандарга эмне дейсиз?

Социалдык тармактарда канча адам болсо, ошончо пикир болушу мүмкүн. Бул салют бир эле мэриянын салюту эмес да. Жаңы жыл күнү жалпы кыргыз эли экрандан куттуктоолорду угуп, түз эфир аркылуу ушул салютту көрүшөт.

Copyright © 2017 Maral FM