Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев: Адамдар балдарына билим берүүгө жана саламаттыгын чыңдоого умтулат

Кыска кабар | 20 Дек 2019 | 528 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Базар-Коргон жана Ноокен райондорундагы спорт комплекстеринин ачылыш салтанатына катышты. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Өкмөт башчы район элин заманбап спорттук шаймандар менен жабдылган жаңы социалдык объектинин ачылышы менен куттуктады.

Республика боюнча мектеп, оорукана, спорт залдар жана башка социалдык маанидеги объектилер рекорддук санда курулуп, жаңы өндүрүш ишканалары киргизилүүдө. Бул туура жүргүзүлгөн экономикалык саясаттын жемишин көрө баштаганыбызды айтып турат. Капитал аймактарга кете баштады. Аймактар үчүн эң актуалдуу делген маселелер негизинен мамлекеттик башкаруудагы жана саясаттагы катачылыктан улам келип чыкчу. Учурда кырдаал акырындык менен өзгөрүүдө. Адамдар балдарына билим берүүгө умтулууда, анткени алар сапаттуу билим берүү – бул кең келечектин кепилдиги экендигин түшүнүүдө. Барган сайын адамдар ден соолугун чыңдоого өзгөчө көңүл бурушууда. Дал ушул нерсе: дени сак улут жана өсүп келе жаткан муунга сапаттуу билим берүү — биздин ишибиздин артыкчылыгы болуп саналат, — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Ал өзгөчө белгилегендей, коюлган максаттарга жетүүнүн эң башкы көрсөткүчү жаштардын туулган айылдарына жана шаарларына кайтып келүүсү болот.

Өкмөт башчы Айсулуу Тыныбекова жана Дарья Маслованы мисалга келтирип, ата мекендик спортчулардын ар түрдүү биринчиликтердеги ийгиликтерин белгилеп өттү.

Мухаммедкалый Абылгазиев ачылып жаткан спорттук комплекстер ар кыл мелдештерде өлкө атагын чыгарууну уланткан күчтүү спортчуларды тарбиялап жатканына ишеним билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM