Биз менен байланышыңыз

Өлкө боюнча 92 объектинин курулуш иштери аяктады

Кыска кабар | 20 Дек 2019 | 468 | 0

Өлкө боюнча 96 объектинин курулуш иштери аяктады. Бул тууралуу  маалымат жыйында Архитектура, мамлекеттик курулуш агенттигинин басма сөз катчысы Азиза Масимова билдирди.

Анын айтымында, быйыл 96 объектини  бүткөрүү каралган.

«Бүгүнкү күнү 92 объект бүткөрүлдү. Калган 4 объектиде иштер аяктап калды. Алардын ичинен: 41 – капиталдык курулуш объектилери, 33 — капиталдык оңдоп-түзөө объектилери; таза суу боюнча – 9 объект. Алар 22 айылды таза суу менен камсыздайт«, — деди ал.

Ал белгилегендей, 41 капиталдык курулуш объектисинин ичинде 28 мектеп, 6 саламаттык сактоо, 1 маданият, 2 спорт тармагындагы объект жана 1 турак-жай бар. Андан тышкары, дагы 3 объект бар: Нарын шаарындагы аянт, Талас облусундагы ат майданы, Жалал-Абад шаарындагы реабилитациялык балдар мекемеси.

Copyright © 2017 Maral FM