Биз менен байланышыңыз

Компьютердин жарылуусунан улам күйүп калган бала каза болду

Кыска кабар | 20 Дек 2019 | 544 | 0

Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Кант шаарында компьютер жарылганда жабыркап, ооруканага түшкөн өспүрүм бала бүгүн таңга жуук каза болду. Бул кабарды Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат катчысы Жылдыз Айгерчинова “Маралга” тастыктады.

Ал өспүрүм 2-3 даражада күйүк алган. Денесинин 35 пайызы күйсө, анын 30 пайызы терең күйүк болгон.

Эскерте кетсек, кечээ, 19-декабрда күйүк жаракаты менен 15 жаштагы өспүрүм бала Кант шаардык ооруканасы түшүп, кийин Бишкек шаарындагы №4 ооруканага жөнөтүлгөн.

Маалыматка ылайык, ал өзү ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген бала болгон. Жууркан жамынып алып компьютер көрүп жатканда электр чыңалуусунан компьютер жарылып, күйүп кеткен.

Copyright © 2017 Maral FM