Биз менен байланышыңыз

Трамп импичмент боюнча процессти баштоого чакырды

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Дек 2019 | 494 | 0

АКШ президенти Дональд Трамп АКШ Конгрессинин сенаты импичмент процессин дароо баштоосу керек экенин билдирди. Ал республикачылар импичментти бир добуштан колдобой турганына ишенет. Трамп Демократиялык партиянын жактоочулары “импичмент тууралуу көз боёмочулукта” республикачылдардын бир дагы добушун ала албайт деп белгиледи:

Демократтар өкүлдөр палатасында процессте өзулөрүнүн өкүлдөрүн – юристтерин, күбөлөрүн, эч кимисин камсыз кыла алышкан жок. Чындыгында, алардын мага тиешелүү эч кандай далили жок. Аны алар таба да алышпайт. Булар жөн гана сырттан карап тургусу келип жатышат. Мен процесстин токтоосуз башталышын каалап жатам. Республикачылар буга чейин мынчалык биримдиктүү болуп көрүшкөн эмес. Демократтар процесске катышкысы келсе да, иш боюнча далилдери жүйөсүз, — деп Ак үйдүн башчысы Твиттердеги баракчасына жазып чыкты.

Эскерте кетсек, 18-декабрда Өкүлдөр палатасы импичмент процессинин алкагында Трампка карата күнөөлөчү бүтүмүн чыгарган.

АКШ президенти “бийликти кыянаттык менен пайдаланды жана Конгресстин ишине тоскоолдук жаратты” деп расмий түрдө эки берене боюнча күнөөлөнгөн.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM