Биз менен байланышыңыз

Кара түтүн каптаган Австралияда өзгөчө кырдаал режими жарыяланды

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Дек 2019 | 646 | 0

Австралия бийлиги масштабдык токой өрттөнүүсүнөн улам өлкөдө өзгөчө кырдаалдар режимин жарыялады. Сидней шаарында жана Жаңы Түштүк Уэльс штатында ал 7 күнгө созулат.

Күндүн катуу ысышы жана шамалдын күчөшүнө байланыштуу Австралиянын бир топ жеринде токойлор өрттөнүп жатат. Синоптиктердин айтымында, аталган региондордо рекорддук ысык аба ырайы катталууда. Өрттүн айынан кара түтүн каптаган Сиднейдеги абанын ысыктыгы 46 градуска чейин жетип жатканы маалымдалат. Адистер ылдамдыгы саатына 100 кмге жеткен шамалдын айынан токойдогу өрт шаарга да жайылуу коркунучу бар экенин айтышууда.

Австралиянын токойлорундагы өрт сентябрь айынан бери күч алып, токтобой келет. Адистер муну климаттын өзгөрүүсү менен байланыштырууда. Тилсиз жоонун айынан 6 адам каза болуп, 800дөн ашык турак-жай жок болгон.

Copyright © 2017 Maral FM