Биз менен байланышыңыз

Түштүк Корея: Президент өкмөт башчыны отставкага кетирди

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Дек 2019 | 554 | 0

Түштүк Корея президенти Мун Чжэ Ин премьер-министр Ли Нак Ёндун отставкасын жарыялады. Ошондой эле, анын ордуна өкмөт башчылыкка башкаруучу топтон чыккан саясатчы Чон Сэ Гюнду дайындаганын айткан.

Чон Сэ Гюн – 69 жашта. Ал парламентте 6 ирет депутат болуп шайланган. Анын экономика көйгөйлөрүн жакшы түшүнөрү айтылууда. Чон премьер-министрлик кызматына парламент макулдугун билдирген соң кирише алат.

Учурдагы өкмөт башчы Ли Нак Ён Япония боюнча атайын адис катары таанымал. Ал бул кызматка 2017-жылы, Мун админстрациясынын инаугурациясынан соң дайындалган. Ли премьер-министрлик кызматты эң көп ээлегендердин башында турат.

Ар тармактуу сурамжылоого ылайык, Түштүк Корея жарандары Лини тажрыйбасы чоң жана президенттикке татыктуу инсан деп эсептейт.

Copyright © 2017 Maral FM