Биз менен байланышыңыз

Өзбекстандын спортчулары допингдин айынан оюндан четтетилди

Дүйнө , Кыска кабар , Спорт | 18 Дек 2019 | 665 | 0

Өзбекстандын күрөш боюнча улуттук курамасынын мүчөсү Гульнор Сулейманова 4 жылга оюндан четтетилди.

Жергиликтүү булактардын маалыматына караганда, Түштүк Кореядагы дүйнө чемпионатына катышып жаткан спортчунун канынан тыюу салынган метаболит заты чыгып калган.

52 кг салмакта күрөшкөн Гульнор Сулейманова 2018-жылдагы Азия оюндарында алтын байгенин ээси болгон. Өзбекстандын күрөш ассоциациясы жаза берүүнүн былтыркы оюндарга тиешеси жок экендигин айтып чыгышты.

Сулеймановадан сырткары, допингдин айынан 60 кг салмакта чыгуучу күрөшүп жүргөн Аброр Джабборов да 2 жылга оюндарга катышуу укугунан ажыраган.

Эки спортчунун тең Түштүк Кореядагы дүйнө чемпионатында жетишкен жеңиштери жокко чыгарылды.

Copyright © 2017 Maral FM