2020-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстандын бардык автомай куюучу жайларында мунайзат азыктарын куюуну эсептөөнүн автоматташтырылган системасы орнотулат. Мындай жаңы талап газ куюучу жайларга да тиешелүү. Бирок суюлтулган газды ташып келген, аны саткан компаниялардын ээлери, жеке ишкерлер тийиштүү системаны киргизүүгө 3 жарым ай жетишсиз экенин айтышууда. Ушундан улам, өкмөттөн токтомун аткаруу үчүн бери дегенде 2 жыл убакыт берилүүсүн суранып жатышат. Болбосо, газ куюучу айрым ишканалар жабылып, газдын баасы 30%га чейин кымбатташы мүмкүн.
2020-жылдын 1-январында Кыргызстандын бардык май куюучу станцияларында мунайзаттарын берүүнү эсепке алуунун автоматташтырылган системасы колдонулат. Анын башкы максаты — Кыргызстанга мунай заттарын алып келүүгө, сактоого, өндүрүүгө жана сатууга көзөмөлдү күчөтүү. Ишкердик субъектилер өз алдынча АЗС мунай заттарын берүүнү эсепке алуунун автоматташтырылган системасын орнотот. Ал техникалык талаптарга шайкеш келиши керек. Тийиштүү талаптарга ылайык келбеген учурда, бул АЗСтерде мунайзаттарын чекене сатууга тыюу салынат.
Системаны киргизүүгө 3 айдан бир аз ашыгыраак убакыт берилген.
Бирок «ИнтергазKG» Жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору Руслан Ниязалиев суюлтулган газды ташып келген жана аны саткан компаниялардын ээлери, жеке ишкерлер өкмөт тарабынан коюлган мөөнөт өтө эле тартыш экенин белгилеп жатканын айтат. Ошол эле учурда ишканалар техникалык жактан даяр эместигин билдирди.
— Өкмөттөн суюлтулган газ тармагында токтомдо көрсөтүлгөн чараларды иш ашырууга 2 жыл убакыт берсе деп суранабыз. Эки жылда баарын ирээтке келтирип алуу зарыл. Болбосо, газдын наркы көтөрүлүшү мүмкүн. Анткени мыйзам боюнча 1-январда системаны ишке киргизе турган болсок, биз ишибизди токтотушубуз керек. Мындайда газга дефицит пайда болот. Балким, ири 2-3 фирмалар гана ишти жүргүзүп кетиши мүмкүн. Бирок алар Кыргызстан боюнча кардарлардын талабына жооп бере албайт.
Ниязалиев белгилегендей, суюлтулган газдын наркы транспорттук кызматтардын наркына, үйдө жана коомдук тамактануу жайларындагы тамак-аш даярдоонун баарына түздөн-түз таасир этет. Соода точкаларында дефицит пайда болуп, суюлтулган газдын 1 литри 26-27 сомго чыгышы мүмкүн.
Тийиштүү токтомга ылайык, атайын компьютерлештирилген жабдуулардын, кассалык аппаратттардын жана программалык камсыздоонун комплектиси боюнча системаны ар бир ишкер өзү коюшу керек.
Системанын бир комплектиси газ куючу станциялар үчүн 150-200 миң сомдун тегерегинде айланат. Бул тууралуу «Суюлтулган газ тармагы боюнча ишкерлердин Кыргыз Ассоциациясынын» төрагасы Эсен Бакиров билдирди. Бакиров Токтомдун эрте кабыл алынып калганы тууралуу айтып келип, Өкмөттүн токтомунда көрсөтүлгөн чаралардын суюлтулган газ тармагында ишке ашуусуна дагы убакыт керек деп эсептейт:
— Өкмөттөн токтомдун мөөнөтүн жок дегенде 2 жылга жылдыруусун суранабыз. 3 жарым ай тийиштүү системаны орнотууга аздык кылат. Техникалык жактан даяр эмеспиз. Мындай чечимдердин кабыл алынуусу кичи ишканалардын ишине зыянын тийгизип, көптөгөн адамдардын жумушсуз калуусуна себепчи болот. Ошондой эле өлкөнүн алыскы аймактары газсыз калуусу мүмкүн. Бүгүнкү күндө газ отундун бир түрү жана баасы да бензинге караганда 2 эсе арзан. Токтом толук ойлонулбай, шашылыш түрдө кабыл алынган. Бул боюнча тегерек стол уюштурууну да пландап жатабыз.
Эсен Бакиров мындан сырткары, Кыргызстанда газды аталышы жана маркасы боюнча аныктаган лабораториялар жок экенин айтты. Ошондой эле, суюлтулган газ салык органдарынын көзөмөлүндө экенин эске салып, аны чек арадан аткезчилик жол менен ташып өтүүгө мүмкүн эместигин да белгиледи.
Жогорку Кеңештин депутаты Абдимуктар Маматов газ ташып келүүдө аткезчилик жок болгондуктан, газ куюучу ишканаларды мунайзаттарын эсептөөнүн электрондук системасына киргизүүнүн кажети жоктугун билдирди:
— Өкмөт бензинге карата чараларды колдонсо болот. Ал эми суюлтулган газга карата эрежени алып коюуга болот. Бул техникалык гана маселе. Газ боюнча бүгүнкү күнгө чейин аткезчилик катталган эмес. Бул жерде токтомду жазгандардын кесипкөй эместиги көрүнүп турат. Алар тийиштүү бирикмелер менен макулдашып иш алып баруусу керек эле.
Эсептөөнүн автоматташтырылган системасы сатылган газдын эсеби тууралуу маалыматты түздөн-түз Мамлекеттик салык кызматына бериши керек. Натыйжада, бардык процессти көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Себеби маалыматтар салык инспекциясына кетмейинче, газ колонкадан чыкпайт. Бирок «Суюлтулган газ тармагы боюнча ишкерлердин Кыргыз Ассоциациясы» учурда Салык кызматы даяр эместигин белгиледи.
Ал эми аталган Салык кызматынын маалымат катчысы Эркин Сазыков мекеме тийиштүү система менен иштөөгө даяр турганын билдирди:
— Салык кызматы даяр эмес дегенди четке кагабыз. Даяр болбосок, системаны киргизүүгө тийиштүү иштерди жүргүзмөк эмеспиз. Мунайзат тармагында иш алып баргандар менен жолугуп, семинар, окутууларды уюштурдук. Салык кызматынын кызматкерлери программаны киргизип жатканда май куюучу станциянын өкүлдөрүнө түшүндүргөн. Алардан да сунуштарды алганбыз. Бирок системанын ишке кирүүсүнө аз күн калганда үн катып жатышы таң калтырууда. Анткени жолугушууларда ассоциациялар мындай талаптарды айтпай эле «макулбуз» деп жүрүшкөн. Газ куючу компаниялар программа орнотуп, тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсе, маселе жаралбайт. Анткени биз «сен ушул программа менен иште, биз жалаң литр менен санайбыз» деген жерибиз жок. Балким, алар үчүн да программа иштелип чыгып, кызмат көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк алышы ыктымал. Эми ассоциациялар менен да тийиштүү иштерди жүргүзөбүз.
Кошумчалай кетсек, 60-70 пайыз Кыргызстанга ташылган газдын бардык көлөмү Казакстандан келет. Ал эми өлкө боюнча 970тен ашуун май куюучу станция бар.