Биз менен байланышыңыз

«Толук чогулбаган салык өкмөттү таратышы мүмкүн»

Экономика | 24 Июн 2019 | 809 | 0

21-июнда өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Финансы министри Бактыгүл Жээнбаеваны кабыл алды. Анда министр мамлекеттик финансыларды башкаруу жаатындагы абал тууралуу маалымат берип, республикалык бюджетке салыктык жана бажылык жыйымдары боюнча артта калуу байкалып жатканын белгилеген. Маселен, Мамлекеттик салык кызматынын берген маалыматы боюнча ушул жылдын 5 айында 30 млрд 867 млн сом чогулган. План боюнча 1,5 млрд сом жыйналбай калган. Мамлекеттик салык кызматынын маалымат катчысы Эркин Сазыковдун айтымында пландын толбой калышына бир катар себептер бар. Алардын эң эле негизгилеринин бири ири ишканалардын ишмердүүлүгүнө байланыштуу. Алсак, азыркы учурда “Жунда” заводунун 30% гана иштеп жатат. Демек, өткөн жылга салыштырмалуу 600 млн сомго азыраак түшкөн.

1,5 млрд сом жыйналбай калды. Буга түрткү болгон негизги себептердин бири ири компаниялардын ишмердүүлүгүнө байланыштуу болду. Ошондой эле, алтындын баасынын төмөндөшүнө байланыштуу Кумтөрдөн түшө турган салыктын көлөмү да төмөндөдү. Тагыраагы, өткөн жылы алтындын баасы 1300 доллардан жогору болсо, 3% эсептелсе, быйыл 1285 доллар болуп 1% менен эсептелди.

Экономист Кубан Чороев төлөмдөрдүн толукталбай жаткандыгын өлкөдөгү жалпы экономикалык көрсөткүчкө байланыштырат. Ал өндүрүштүн төмөн болуп жатканы байкалып жатканын, бул көрүнүш салыкка түздөн-түз таасир берерин белгилейт.

Салыктардын түшүшү өндүрүшкө түздөн-түз байланыштуу. Азыр карап көрсөк, өлкөдө экономикалык абал да төмөн. Өндүрүш да төмөн. Бул салыктын түшүшүнө таасир берүүдө.

Деген менен, эл өкүлү Марлен Маматалиев салыктык жана бажылык жыйымдардын артта калышы өлкөдөгү капиталдык курулуштарды, таза суу долбоорлорун ишке ашырууга кедергисин тийгизип жатканын белгилейт. Азыркы тапка акчанын бөлүнбөй, капиталдык курулуштардын башталбай турушу күзүндө өкмөттүн тарашына алып келиши мүмкүн экенин айтат.

Азыркы учурга чейин жолдордун курулушуна каражат толук бөлүнө элек. Мектеп, бала бакчалардын капиталдык курулушу артта турат. Анткени каражат жок. Эгерде ушул нерсе күзгө чейин калыбына келбесе, өкмөттүн тарашын күтсө болот.

Азырынча өкмөт бюджеттин аткарылышы боюнча Жогорку Кеңешке отчёт бере элек. Жогорку Кеңештин жайкы эс алууга кете турганына байланыштуу толбой калган төлөмдөрдү эки айда толуктоого мүмкүнчүлүгү бар экенин Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы Эмил Токтошев айтат. Эгерде аны да толтура албаса, өкмөттүн отставкасын кароого жүйө бар экенин белгиледи.

Азыр бизге оозеки айтуулары боюнча төлөмдөрдүн толук болбой жатканы экспорт, импортун көлөмүнө байланыштуу болуп жатат экен. Күзүндө толук берилген отчётко жараша баа берилет. Эгерде анда да толук аткарылбаса өкмөттүн отставкасы же тиешелүү кызматтардын жоопкерчилиги жөнүндө сөз болушу мүмкүн.

Ал арада Салык кызматы жылдын жыйынтыгы менен белгиленген планга жетүү боюнча тиешелүү иш-чаралар жүрүп жатканын билдирүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM