Биз менен байланышыңыз

Эрдоган Инжирликтеги АКШнын аскер базасын жаап салам деп коркутту

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Дек 2019 | 735 | 0

Эгерде Вашингтон Анкарага каршы санкцияларды киргизе турган болсо, Түркия америкалыктар үчүн Инжирликтеги аскер базасын жаап салууга даяр. Ошондой эле Европадагы НАТОнун ракетага каршы коргонуу системасынын бөлүгү болгон Курежиктеги базаны жабууга аргасыз болот.

Бул тууралуу Эрдоган «Haber» телеканалы аркылуу билдирди.

Бул тууралуу Түркия президенти Таййип Эрдоган эгерде Вашингтон Анкарага санкцияларды киргизе турган болсо, «Инжирликтеги америкалыктардын аскердик аба күчтөрү жайгашкан базаны жаап салам» деп 15-декабрь күнү билдирген. Аскердик базаны жабуунун дагы бир себеби, АКШ Сенатынын түрктөр тарабынан армяндарга карата кылынган геноцидин таануусу себеп болгон.

Эскерте кетсек, Түркиянын түштүк-чыгышында жайгашкан Инжирликтеги америкалыктардын базасы Жакынкы Чыгыштагы АКШнын аскердик операцияларды жасай турган негизги базасы болуп эсептелет. Дал ушул жерден Сириядагы жана Ирактагы “Ислам мамлекетинин” жихадчыларына чабуулдар жасалып келген. Ал эми Түркиянын чыгыш бөлүгүндө жайгашкан Куречиктеги авибаза да НАТОнун маанилүү базаларынын бири болуп эсептелет.

Copyright © 2017 Maral FM