Биз менен байланышыңыз

Мигранттардын укугун, коопсуздугун коргоо боюнча жыйын өтөт

Кыска кабар | 16 Дек 2019 | 495 | 0

Бүгүн, Бишкекте «Кыргыз Республикасынын жарандарынын чет жерде иштөөдөгү көмүскө жана легалдуу базары. Перспективалар жана тобокелчиликтер» аталышындагы конференция өтөт. Бул тууралуу “Ergeshbaeva&Partners” юридикалык фирмасынын башчысы Таттуубүбү Эргешбаева маалымат каражаттарына билдирди. Анын айтымында, жыйында компания иштеп чыккан «Коопсуз Эмгек Миграциясы» программасынын концепция талкууга коюлмакчы.

Миграция ар дайым жүрүп турган дүйнөлүк процесс. Биз бул тармактагы маселелерге көңүл буруп, Өкмөт менен бирге мигранттарыбыздын укугу менен коопсуздугун коргоо жаатында иш алып барууга тийишпиз. Адамдын күчүн көмүскө сатуу, кулчулук жана башка кооптуу жагдайларга биздин жарандар туш келбеси үчүн мамлекеттин мыйзамдык коргонуусун күчөтүп, эл аралык практика менен айкалыштыруу зарыл. Андыктан, бул жыйында биздин компания тарабынан иштелип чыккан «Коопсуз Эмгек Миграциясы» программасынын концепциясын да талкууга коёбуз, — дейт ал.

«Жеке менчик ишке орноштуруу агенттиктеринин Ассоцияциясы» тарабынан уюштурулган бул жыйынга Жогорку Кеңештин депутаттары, Өкмөттүн, ИИМ, Каржы полициясы, Миграция кызматы баштаган тиешелүү органдарынын кызматкерлери катышып, Кыргызстандын эмгек миграциясынын күнгөй-тескейин талкууга алмакчы.

Жыйынга миграция боюнча эксперттер, ММК өкүлдөрү да катышат.

Copyright © 2017 Maral FM