Биз менен байланышыңыз

Түркмөнстандын президенти күч түзүмдөрүнүн жетекчилерин өзү машыктырды (видео)

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Дек 2019 | 1275 | 0

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов Олимпиадалык шаарча спорттук комплексинде күч түзүмдөрүнүн жетекчилерине спорттук машыгуу өткөрдү. Бул тууралуу «Хроника Туркменистана» басылмасы жазды.

Олимпиадалык шаарча спорттук комплексиндеги машыгуу залында Гурбангулы Бердымухамедов бир катар көнүгүүлөрдү жасоо менен күч түзүмдөрүнүн жетекчилерин машыктырды. Машыгууга Түркмөнстандын Улуттук коопсуздук боюнча министри, Ички иштер министри, Башкы прокурор, Бажы кызматынын башчысы жана башка чиновниктер катышкан.

«Биздин негизги максат бул — коомдун ден соолугун бекемдөө жана коргоо, ошондой эле сергек жашоо образын жайылтуу болуп саналат»— деди Түркмөнстандын лидери.

Ошондой эле ал дене-тарбия жана спорт тармагын массалык түрдө өркүндөтүү үчүн чоң суммадагы инвестициялоо жүрүп жатканын кошумчалады.

Олимпиадалык шаарча спорттук комплекси заманбап жабдуулар менен жабдылып, баардык жагынан эл аралык талаптарга жана стандарттарга жооп берет.

Эске салсак, 2020-жылы Ашхабад шаарында самбо боюнча дүйнө чемпионатын, 2021-жылы вело жарыш боюнча дүйнө чемпионатын өткөрүү пландалып жатат.

Бердымухамедов провел тренировку для силовиков

Бердымухамедов провел тренировку для силовиков14 декабря президент Гурбангулы Бердымухамедов собрал в тренажерном зале Олимпийского городка в Ашхабаде руководителей силовых ведомств и провел для них тренировку.— «Хроника Туркменистана» — новости, о которых не сообщат официальные СМИ www.hronikatm.com

Опубликовано Хроника Туркменистана Суббота, 14 декабря 2019 г.

Copyright © 2017 Maral FM