Биз менен байланышыңыз

Президенттин БАЭге болгон визитинин алкагында жети документке кол коюлду (тизме)

Кыска кабар | 12 Дек 2019 | 496 | 0

Президент Сооронбай Жээнбековдун Бириккен Араб Эмираттарына болгон расмий визитинин алкагында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Кол коюлган документтер:

  • КР Өкмөтү менен БАЭ Өкмөтүнүн ортосундагы маданият чөйрөсүндө кызматташуу тууралуу өз ара түшүнүшүү жөнүндө;
  • КР Өкмөтү менен БАЭ Өкмөтүнүн ортосундагы туризм чөйрөсүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө;
  • КР жана БАЭнин ортосундагы соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө келишим;
  • КР Билим берүү жана илим министрлиги жана БАЭ Билим министрлигинин ортосундагы билим берүү жана илим чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө;
  • КР Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын жана БАЭнин Климаттын өзгөрүшү жана айлана-чөйрө министрлигинин ортосундагы айыл чарба жана мал азыктарынын ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздугу чөйрөсүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө;
  • Кыргызстандын Ислам Академиясын куруу боюнча кызматташуу жөнүндө;
  • КР Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жана БАЭ «Кызыл Жарым ай» коомунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө.

Copyright © 2017 Maral FM