Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-декабрда, Бириккен Араб Эмираттарына расмий визитинин алкагында БАЭдеги ири компаниялардын жана ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.
Президент белгилегендей, Кыргызстан менен Араб Эмираттарынын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү анча чоң эмес болгону менен, бул багытта чоӊ мүмкүнчүлүктөр жана биргелешип ишке ашыра турган ири дарамет бар.
«Биздин башкы максат — эки өлкөнүн ортосундагы сооданын көлөмүн көбөйтүү, Кыргызстанга араб инвестицияларын тартуу. Учурда инвесторлор кызыга турган чакан жана орто ГЭСтерди куруу боюнча долбоорлорубуз бар. Ошондой эле туризм тармагында да мүмкүнчүлүктөр арбын. Кыргызстан экологиялык жактан таза, органикалык продукцияларды экспорттоонун көлөмүн жогорулатууга даяр. Алар Араб Эмираттардын рынокторунда өз ордун табат деп ишенем», — деди Сооронбай Жээнбеков.
Мамлекет башчысы кыргыз тарап инвесторлорго жагымдуу шарт түзүү боюнча чоң иш-аракеттерди аткарганын белгиледи: бизнести каттоо кыйла жөнөкөйлөштү, ал үчүн үч күндөн ашык убакыт кетпейт, негизсиз текшерүүлөр кыскарган, жаңы түзүлгөн ишканалар 3 жылга текшерүүдөн бошотулган, Кыргызстандагы салык чендер төмөн.
Ал дотациялык региондордо ачылып жаткан өнөр жай ишканалары киреше салыгы, сатуу салыгы, жер жана мүлк салыктарын төлөөдөн бошотулганын кошумчалады. Артыкчылыктардын катарында ал электр энергиянын арзандыгын, технологиялык жабдууларды импорттоо алымдардан бошотулганын, эркин валюта режими болгонун, өлкөнүн ЕАЭБге мүчөлүгүн жана Евросоюздун ВСП+ статусуна ээ экендигин атап өттү.
Жыйынтыгында Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан чет элдик инвесторлор үчүн ачык экенин баса белгилеп, дагы бир жолу БАЭнин ишкерлик чөйрөсүнүн өкүлдөрүн каражаттарын Кыргызстанга инвестициялоого чакырды.