Биз менен байланышыңыз

Кубатбек Боронов: Бишкектеги конуштар газ менен камсыздалышы керек

Кыска кабар | 12 Дек 2019 | 474 | 0

Бишкек шаарындагы бардык 47 конушка газ киргизилиши керек. Бул абанын булганышын алдын алуунун бирден-бир чарасы. Бул тууралуу өлкөнүн биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов Бишкек шаарынын экологиялык абалы талкууланган отурумда билдирди.

Бишкек шаарында автотранспорт каражаттарынын көптүгү абанын булганышына алып келүүдө. 2018-жылы республика боюнча 1 миллион 211 миң автоунаа катталган, анын 426 миң 241и Бишкек шаарында. Ошондой эле шаардагы калктуу конуштар жылытуу мезгилинде көмүр колдонгону дагы абанын булганышына алып келүүдө. Буга байланыштуу борбор шаардын конуштарын толугу менен газдаштыруу мезгилдин талабы, — деди Боронов.

Өз кезегинде Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов калаада абанын булганышын алдын алуу максатында быйыл 9 миң көчөт отургузулган. 2020-жылы анын санын 20 миңге жеткирүүнү пландалган. Ошондой эле 200 даана электробус алуу боюнча меморандумга кол коюлган.

Кубатбек Боронов тиешелүү мамлекеттик органдарга «Газпром Кыргызстан» компаниясы менен биргеликте Бишкек шаарынын четинде жана анын тегерегинде жайгашкан турак үйлөрдү газдаштыруу боюнча иштерди активдештирүүнү камсыздоону тапшырды.

Copyright © 2017 Maral FM