Биз менен байланышыңыз

«Ит бекерге» сатылган «Кыргызгаз» — газдаштыруудагы тоскоолдуктар

Саясат , Экономика | 18 Янв 2021 | 844 | 0

Расмий маалыматтар боюнча Бишкек ЖЭБинде жылына 1 млн 110 миң тонна көмүр жагылат. Анын 700 миң тоннасы Кара-Кече кенинен, 60 миңи Таш-Көмүрдөн, калган 350 миң тоннасы сырттан сатып алынат. Мындай көлөмдөгү көмүр алуу үчүн жылына 4 млрд сомдой сарпталат. Жылуулук электр борбору менен шаар конуштарындагы жагылган көмүр ири чыгымга эле учуратпастан, абанын булгануусуна да негизги себеп болуп келет. Буга чейин көйгөйдү чечүү максатында калктуу конуштарды жана ЖЭБди газга өткөрүү маселеси караларын калаа мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев билдирген.

«Эгер ЖЭБ газга өткөрүлсө, анын эски бөлүгүн гана газ менен иштетүүгө мүмкүн. Ал эми жаңы бөлүгүнүн долбоору көмүр менен гана иштетиле турган шартта курулган. Аны толугу менен газга ылайыктоо үчүн жаңы долбоорду түзүү зарыл».

Ал эми керектөөнүн каржылык чыгымдары боюнча айтсак, ЖЭБде жылуулук жана электр энергиясын иштеп чыгууда жаратылыш газына салыштырмалуу көмүрдү жагуу эки эсе арзан. «Электр станциялар» ААКнын өндүрүштүк-техникалык бөлүмүнүн башчысынын орун басары Азим Жумаевдин айтымында, ЖЭБди газга өткөрүүдө аны арзан баада киргизүү жана үзгүлтүксүз камсыздоо маселеси чечилиши керек.

Кыргызстанга жаратылыш газы келишим менен сырттан ташылып келет. «Газпром Кыргызстан» компаниясынан алынган газдын тарифи ай сайын доллардын баасына карап жөнгө салынып турат. Учурда 1 куб метр газдын калк үчүн тарифи 17,8 сомду, ал эми коммерциялык жактарга 21,3 сомду түзүүдө. Ушул эле мезгилде Казакстанда газдын баасы жеке тараптарга 4,58 сом, коммерциялык жактарга 7,09 сомдон, Өзбекстанда болсо 3,06 сомдон, коммерциялык жактарга 8.05 сомдон сатылат. Демек, кошуна өлкөлөрдө бизге салыштырмалуу 4 эсе арзан сатылат. Мунун себеби кошуна мамлекеттерде газ көп өндүрүлөрү менен түшүндүрүлүп келет.

Балбак Түлөбаевдин айтымында, Бишкек ЖЭБин жаратылыш газына өткөргөн учурда жылына 515 млн куб метр газ керектелет. Ал өкмөттүк деңгээлде «Газпром Кыргызстан» ишканасы менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, газдын баасын арзандатуу жана туруктуу камсыздоо келишими түзүлүшү керектигин айтат.

Мурдагы Экономика министри Жеңишбек Байгуттиев бул көйгөйдү чечүүдө зарыл болгон жагдайларды айтып берди.

«Биринчиден, жаңы өлкө башчысы Орусия менен сүйлөшүүгө барып, бааларды төмөндөтүүгө аракет кылышы керек. Анан Атамбаевдин тушунда «Кыргызгазды» «Газпромго» 1 долларга өткөрүп жиберген. Ошондо Кыргыз мамлекетинин көп кызыкчылыгы эске алынбай калган. Анын жок дегенде 50%ын кайра алуу менен баасын кошо көзөмөлдөп турсак болот. «Кыргызгазды» өзүбүзгө алып, саясатын өзүбүз жүргүзүшүбүз керек. Андан соң, өлкө аймагындагы газга чалгындоо жүргүзүшүбүз керек».

Кыргызстан кошуна өлкөлөргө салыштырмалуу газды аз көлөмдө колдонот. Тактап айтканда, жылына орточо 270 млн куб метр газ керектелет. Бул тармак боюнча эксперт Аймен Касенов көйгөйдү чечүүдө газдан да зыянсыз жана чыгымсыз жолдорду сунуштап келет. Ал өнүккөн өлкөлөрдө колдонулуп келген жылытуу системасындагы Күндүн нурун пайдалануу сыяктуу экологиялык таза технологияларды колдонуу замандын талабы экенин айтат.

Copyright © 2017 Maral FM