Биз менен байланышыңыз

Азамат Арапбаев: Мас айдоочуларга 175 миң сом айып салыш керек

Кыска кабар | 11 Дек 2019 | 705 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Азамат Арапбаев мас абалында унаа айдаган айдоочуларга салынган айыпты эң кеминде он эсеге көтөрүүнү сунуштады. Бул тууралуу депутат Парламенттин бүгүнкү, 11-декабрдагы жыйынында айтты.

Депутат мас абалында унаа башкарып, жол эрежесин бузгандарга белгиленген 17,5 миң сом айып пул аз экенин, муну көтөрүү зарылдыгын айтып, Өкмөттүн өкүлүнө кайрылды.

Учурда 17 миң сомду 17 тыйынча да көрбөгөн жарандар бар. Аларды мындай өлчөмдөгү айыптар тыя албайт. Ошондуктан мас айдоочуларга айыптын өлчөмүн кыска убакыттын ичинде эң аз дегенде 10 эсеге  көтөрүп, өзгөртүп келиңиздер. Парламент колдоп берсин, — деди Азамат Арапбаев.

Депутат ошондой эле, мас абалында унаа башкарган айдоочулар жол кырсыгына себепкер болуп, өзү жабыркап эле чектелбестен, башкаларга да оор залал келтирээрин кошумчалады.

Арапбаев, мындан сырткары, жол белгилеринин талаптагыдай эместигин да белгилеп кетти.

Copyright © 2017 Maral FM