Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын жана Хорватиянын ТИМ башчылары жолугушту

Кыска кабар | 10 Дек 2019 | 548 | 0

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Брюсселде Хорватиянын тышкы жана европалык иштер министри Гордан Радман менен жолугушту. Бул тууралуу аталган министрликтин Маалымат департаменти билдирди.

Тараптар эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы күн тартибин, ошондой эле Хорватиянын Европа Бирлигиндеги төрагалыгынын алкагында 2020-жылга биргелешкен пландарды, анын ичинде, Европа Бирлиги-Борбордук Азия жаңы Стратегиясынын алкагында өлкөлөрдүн өз ара аракеттенүүсүн талкуулашты.

Эки тараптуу кызматташтыктын мындан аркы алдыга багытталган кеңейүүсүнүн жана эл аралык, регионалдык күн тартибинин чечүүчү аспектилери боюнча көп тараптуу аянтчаларда өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленди.

Copyright © 2017 Maral FM