Биз менен байланышыңыз

Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата эскерүү кече өтөт

Кыска кабар | 10 Дек 2019 | 687 | 0

Залкар жазуучу, элчи Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата “Айтматов жөнүндө сөз: Улуу инсан жана коомдук ишмер” деген аталыштагы эскерүү кечеси өтөт. Кече Улуттук илимдер академиясынын Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун демилгеси менен уюштурулууда. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынан билдиришти.

Анда улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун Кыргызстан менен бүткүл дүйнөнүн ортосуна руханий көпүрө түзгөн инсан экени, күчтүү руханий байлыгы жана туруктуу чыгармачылык изденүүсү менен тапкан табылгаларын коомго, окурмандарга берген эмгектери тууралуу сөз болору айтылат.

Copyright © 2017 Maral FM