Биз менен байланышыңыз

Азиз Батукаев боюнча сот уланат

Кыска кабар | 10 Дек 2019 | 558 | 0

Бүгүн “Мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулганына байланыштуу сот иши уланат.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып баштаган соттук процесс буга чейинки, 6-декабрга белгиленген отурум судья Эмил Кайыповдун ооруп, жумушка чыкпай калганына байланыштуу болгон эмес.

Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негиз менен Нарында түрмөдө жаткан жеринен атайын коштоо менен Бишкектен “Манас” аэропортунан менчик учак менен Грозныйга учуп кеткен.

Бул иште Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев башкы айыпталуучу катары саналууда.

Эске сала кетсек, ноябрдын соңунда Атамбаев УКМКнын тергөө абагынан сотко алынып келинген. Анда Атамбаев кылмыш иши менен таанышуу үчүн убакыт сураган.

Атамбаев иш менен таанышуудан жана сот ишине катышуудан буга чейин баш тартып келген.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) быйыл бул боюнча кылмыш ишин кайра тергеп, сотко өткөрүп берген.

Copyright © 2017 Maral FM