Биз менен байланышыңыз

“Таза аба” демилгесинин шартында сунушталган мыйзам долбоору боюнча коомдук угуу өтөт

Кыска кабар | 9 Дек 2019 | 604 | 0

Кыргызстанда, өзгөчө ири шаарларда абанын булгануусу олуттуу көйгөйгө айланды. Бул көйгөйдү жоюу жана анын кесепеттеринин алдын алуу боюнча Абдывахап Нурбаев, Жанар Акаев баштаган бир катар Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан тиешелүү мыйзам долбоору иштелип чыгып, Жогорку Кеңештин расмий сайтына коомдук талкууга коюлду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

“Таза аба” демилгесинин шартында сунушталган аталган мыйзам долбоору боюнча ушул жылдын 12-декабрында саат 9:30да Жогорку Кеңештин имаратында коомдук угуу өтөт.  Катышууну каалагандар 11-декабрь саат 12:00гө чейин 0(312) 62 75 72 жана 0(705) 01 12 88 телефон номурларына байланышып, катталуусу зарыл.

Copyright © 2017 Maral FM