Биз менен байланышыңыз

Кытай жашыруун өзөктүк держава бар экенин эскертти

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Дек 2019 | 1437 | 0

Дүйнөдө көптөгөн убакыттан бери өзүнө эч кимдин көңүлүн бурдурбаган өзөктүк держава катары Жапон мамлекетинин жашыруун өзөктүк технологияларды өндүрүп жатканын Кытайдын Sohu аттуу басылмасы жазып чыкты.

Материалдын авторлору жапондор жашыруун чоң көлөмдөгү өзөктүк отун менен камсыз болгонун белгилешти. Маалыматта бул көлөмдөгү отундан алты миң ядролук бомбаны жасаса болот. “Ким аскердик ишке кызыкса, мынчалык көлөмдөгү ядролук куралдарга ээ болушу менен Жапон мамлектинин өзөктүк державага айланганын түшүнөт. Ошондуктан коңшу мамлекеттер бул жагынан Жапон өлкөсүнөн өтө этият болушу керек”, — деп жазылган.

Алардын божомолу боюнча, Токио эл аралык аренада активдүү роль ойногусу келип, керек болсо, БУУнун Коопсуздук Кеңешинин беш туруктуу мүчөсүнө чакырык таштагысы келет. Буга Жапониянын заманбап өнүгүүсү да айкын мисал боло алат. Алгач “Идзумо” сыяктуу вертолет ташыгычтарды иштеп чыгышса, кийинчерээк заманбап атомдук электростанцияларды куруп чыгышты. Мамлекет өзөктүк куралдарды өндүрбөгөнү менен өзөктүк технологияларды колдонуу боюнча дүйнөдө биринчи орунга чыккан.

Ошондой эле, Sohuнун билдиргенине караганда, АКШ Орусияга анын өзөктүк мүмкүнчүлүгү көптүгүнөн улам кол салууга даабайт. Вашингтон Москвадан СССР кулагандан кийин деле чочулап турат. Акыркы он жылдыкта АКШ Орусияны тик багып карай албайт” деп айтылат кытай журналисттеринин божомолунда.

Copyright © 2017 Maral FM