Биз менен байланышыңыз

Энергетика секторундагы абал боюнча депутаттык комиссия түзүлдү

Кыска кабар | 6 Дек 2019 | 447 | 0

Жогорку Кеӊештин 5-декабрдагы жыйынында “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” ачык акционердик коому тарабынан берилген маалыматтар боюнча, бөлүштүрүүчү энергокомпаниялардын ишенимдүүлүк деӊгээлиндеги электр энергиянын жоготуулардын көлөмүн, дебитордук карыздын көлөмүн, коррупциялык схемалардын таасирлерин изилдөө, электр энергиянын автоматташтырылган эсептөө системасын киргизүү жана Кыргызстандын энергетикалык сектордун абалын жана келечектеги өнүгүүсү боюнча Жогорку Кеңештин убактылуу комиссиясын түзүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды. Маселенин демилгечиси депутат Өмүрбек Бакиров.

Токтом менен түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын курамына төмөнкү депутаттар кирди:

  • КСДП фракциясы – Мухтар Айнакулов, Өмүрбек Бакиров, Айнура Осмонова, Ильхом Мананнов;
  • “Республика – Ата Журт” фракциясы – Умбеталы Кыдыралиев, Максат Сабиров;
  • “Кыргызстан” фракциясы – Тынчтык Конушбаев, Алмазбек Токторов;
  • “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы – Зиядин Жамалдинов;
  • “Бир Бол” фракциясы – Акылбек Жапаров;
  • “Ата Мекен” фракциясы – Бахадыр Сулейманов.

Copyright © 2017 Maral FM