Биз менен байланышыңыз

Өмүрбек Бакиров: Ош-Исфана жолу аттын туягы сынчу абалга келди

Кыска кабар | 30 Сен 2021 | 500 | 0

Жогорку Кеңештин 30-сентябрдагы жыйынында депутат Өмүрбек Бакиров Ош-Исфана жолу боюнча көйгөйдү көтөрдү. Аталган жол талкаланып, авто унаа эмес, жылкынын туягы сына турган абалга кептелгенин айтты.

Ош-Исфана жолунун 28- чакырымдан 75-чакырымга чейинки бѳлүгү талкаланган абалга келди. Бул жол боюнча 2016-жылы Япония менен 53 млн. долларлык макулдашууга кол коюлган. Каржылоо маселеси чечилсе да бүгүнкү күнгѳ чейин аталган жол боюнча тендер өтө элек. Бул стратегиялык жолдун курулушу эмнеге кармалып атат? Өлкөбүздүн көп жерлеринде жолдор оңдолуп, салынып жатат. Бирок Ош-Исфана жолу унутта калды. Жолдун курулушун тез арада баштабасаңыздар болбойт”, — деди эл ѳкүлү.

Бул боюнча маселени өкмөткө жеткирип, тийешелүү жетекчилерге тапшырмаларды берүү зарылдыгын белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM