Биз менен байланышыңыз

Өмүрбекова 2020-жылдагы Олимпиадага катышуу үчүн зарыл чараларды кабыл алууну тапшырды

Кыска кабар | 6 Дек 2019 | 569 | 0

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын төрагалыгы алдында Кыргыз спортчуларынын 2020-жылы Токиодо өтө турган жайкы Олимпиадалык жана Паралимпиадалык  оюндарга катышуусуна даярдык көрүү маселеси боюнча жыйын болду. Бул тууралуу Өкмөттүк Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Канат Арпачиев Кыргызстан спорттун 13 түрү боюнча 21 жолдомо алууга ниеттенип жатканын белгиледи. Алар: эркин, грек-рим жана аялдар күрөшү, дзюдо, жеңил атлетика, бокс, оор атлетика, беш түрлүү көнүгүүлөрдөн турган спорттук мелдеш, сууда сүзүү, ок атуу, фехтование, жаа атуу жана триатлон. Ал эми спорттун Паралимпиадалык түрлөрү боюнча кеминде 3 жолдомо утуу мерчемделди.

Кыргызстандын капчыгында Олимпиадага Айсулуу Тыныбекова, Денис Петрашов, Юлия Андреева, Атабек Азизбеков жана Дарья Масловалар уткан беш жолдомо бар.

Муну менен катар жыйында медаль уткан спортчуларды бир жолку сый акы менен сыйлоо маселеси дагы талкууланды. Анын суммасы 5тен 10 млн сомго чейин болушу болжолдонууда.

Алтынай Өмүрбекова 2020-жыл ата мекендик спортчулардын спорттогу жетишкендиктерин көрсөтүүдө маанилүү жылдардан болуп саналарын белгиледи.

Биз 2020-жылдагы Олимп оюндарында биздин спортчулар эң жогорку жетишкендиктерге жетүү үчүн спортчуларыбызга бардык шарттарды түзүп беришибиз керек, — деди Өмүрбекова.

Вице-премьер-министр Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин, Улуттук Олимпиада комитетинин кызматкерлерине спортчулардын квалификациялуу турнирлерге катышуусу үчүн зарыл чараларды кабыл алуу тапшырмасын берди.

XXXII жайкы Олимп оюндары Токиодо 2020-жылдын 24-июлунан 9-августка чейин өтөт.

Copyright © 2017 Maral FM