Биз менен байланышыңыз

Чоңдор колдогон «чоң муштумдар»

Коом , Спорт | 4 Дек 2019 | 1307 | 1

Бүгүнкү күндө эрежесиз эр уруш же ММА Кыргызстандагы эң популярдуу спорттун түрлөрүнүн катарына кирген. Бул спорттун түрүнө машыктырган залдардын да саны өстү. Алардын көпчүлүгү депутаттардын, өкмөттө иштегендердин, чиновниктердин колдоосуна ээ экенин коомчулукта айтылса, кээ бирлери өздөрү ачык эле билдирип келишет. Ушундан улам “атка минерлердин бул спортко болгон жапырт кызыгуусунун себеби эмнеде? Эмнеге олимпиадалык спорттун башка түрлөрү мынчалык колдоого ээ эмес? деген суроо жаралат экен.

“Айкөл”, “Жаш-күч”, “Файтер”, “Эрем”, “Атилла” –  Кыргызстандагы эрежесиз мушташ менен машыккан спортчуларды даярдаган алдыңкы спорт клубдардын сап башында турушат. Мындай спорт залдар Кыргызстандын бардык аймактарында ачылды. Коомчулукта алардын көпчүлүгүн “Ак-үй-Көк-үйдө отургандан колдойт” деген пикирлер айтылып келет. Жарандык активист Семетей Талас уулу бул пикирге кошулат. Анын айтымында, чоңдордун керегине жараган балдарды даярдоого эң туура келген спорт ушул:

-ММА күрөшкөндү, бокс, ар түрдүү муунтуу ыкмаларын да үйрөтөт. Машыккан киши мушташканга даяр болот. Мындай спорттук залдарды, спортчуларды колдоо “менин артымда мынча балам бар, күчүм мынчалык” дегенди билдирет. Бир маселе жаралып, камалчу болсо же артында сурап алар күчү бар дегендей эле “понт”. Айрыкча, чоң саясатта бирдеме болсо, мушташты ушулар баштап берет. Байлар коштоп жүргөн жигиттерин ушинтип камсыздайт. Кыргызстанга пайдасы деле жок булардын.

ММА боюнча беттеш уюштурган эң беделдүү уюм бүгүнкү күндө UFC деп аталат. Бул спорт менен машыккандардын көпчүлүгүнүн максаты — ушул уюм. Бул уюмда жогорку деңгээлдеги ийгиликке жеткендердин катарында кыргызстандыктар да бар. Бул жагдайды эске алуу маанилүү экенин белгилеген Бээжин олимпиада оюндарынын күмүш байгесинин ээси Канат Бегалиев эрежесиз мушташтан аброю бийик турган олимпиадалык спорттун түрлөрү да ММАдей колдоо тапса дейт:

-Эрежесиз эр мушташка мен каршы эмесмин. Бул спорттун түрү боюнча биздикилер көптөгөн ийгиликтерге жетишүүдө. Алардын сап башында Валентина Щевченкону айтсак болот. Бирок биз олимпиадалык спортту унутпашыбыз керек. ММА бир адамдын атын чыгарса, олимпиадалык спорттун түрлөрү бүт өлкөнү таанытат. Андыктан салымды, басымды олимпиадалык спорттун түрлөрүнө буруу зарыл. Чынын айтканда, тиешелүү деңгээлдеги бир да спорт залыбыз жок. Бул абдан уят.

Спортту колдоо үчүн ал спорттун түрүн жакшы түшүнүү зарыл. Муну менен катар кайсыл спорт элге дем берип, өлкөнүн дүйнөлүк аренадагы атына таасири чоң экенин да баамдап билүү керек. Кыргызстанда футболго кошкон салымын эл белгилеп айтып келген, меценат Аскар Салымбеков колунда барларды олимпиадалык спортко салым кошууга чакырды:

-Мушташкан балдарды колдогонду деле намыс десек болот. Бирок, албетте, колдогондор жөнүндө ар тараптуу ойлор кетет, жан-жөкөрлөрүн даярдагандай сезилет. Жакынкы олимпиадага болгону 3-4 лицензия алдык. Бул абдан аз. 30-40 киши болуп калың делегация болуп барса, башкаларда “Кыргызстанда спорт өнүгүп жаткан экен” деген ой жаралат. Мен колунда бар, депутат болуп жүргөн балдар көбүрөөк олимпиадага спортчуларды даярдап, колдоо көрсөтүшсө, аларга шарт түзүп, спорт клубдарды ачса жакшы болот эле деп ойлойм . Бул өлкөнүн аброюна чоң салым кошмок.

Сөз болуп жаткан спорттун түрүн ичинен билген ММА боюнча дүйнө кубогунун ээси Азамат Эсеналиев колдоо көрсөткөндөрдүн көпчүлүгү кайсы бир убакта ушул спорт менен машыккандар экенин айтат. Ал жеке өзүнүн эрежесиз уруш менен алектенүүсүнүн максатын түшүндүрүп берди:

-Азыр көпчүлүк ишкер, чиновниктердин ММА спорт клубдары бар. Алардын көпчүлүгү ушул спорт менен машыгып, ушул спорттун жолу менен келаткан кишилер. Хобби катары ачкандары да бар. Машыккан балдарды туура эмес багытка салып кеткендери деле бар экени жашыруун эмес. Бирок көбүнчө “спортту колдойлу, ушул тармак менен өлкөнүн атын көтөрөлү” деген агаларыбыз көп. Жеке мен да Кыргызстандын желегин башка өлколөрдө желбиретүү үчүн ушул спорт менен машыгам.

ММА боюнча жаштарды колдогон депутаттардын арасында Алтынбек Сулайманов, Төрөбай Зулпукаров, Искендер Матраимовдордун аты аталып жүрөт. Бирок алар менен байланышып, айтылгандардын чындыгын тактоо мүмкүн болгон жок. Ал эми эл өкүлү Марлен Маматалиев маектеринин биринде ага тиешелүү ММА спорт клубу бар экенин белгилеп, аларды колдоосунун максаты — «Кыргызстандын желеги чет өлкөлөрдө көтөрүлсө экен»,- деп айткан.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстан эгемендик алгандан бери олимпиадалык оюндардан келген медалдар топтолгон капчыгына 1 күмүш жана 2 коло медаль топтоого жетишкен. Ал эми акыркы ирээт 2016-жылы Рио-де-Жанейродо өткөн жайкы жана 2018-жылы Пхёнчханда өткөн Кышкы олимпиада оюндарынан кыргыз спортчулары куру кол кайткан.

1 пикир

1 пикир

  1. Токур

    05.12.2019 16:02

    Менин пикирим,бул спорт биринчиден комерциалык, акча табуу учун депутаттар колдонот, экинчиден угут убагында коркутуп, уркутуп колдоо корсотот

Жооп жазуу

Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM