Биз менен байланышыңыз

Кыргызгидромет: Бүгүн Бишкектин абасы 34 эсе тазарды

Кыска кабар | 4 Дек 2019 | 629 | 0

Кыргызгидрометтин синоптиктеринин билдирүүсү боюнча 3-4-декабрда Бишкек шаарында аба массасынын алмашуусу орун алды. Ар түрдүү бийиктиктерде шамал байкалды жана анын ылдамдыгы секундасына 15 метрге жетти.

Байкалган метеорологиялык шарттар Бишкек шаарындагы атмосфералык абадагы кирдетүүчү заттардын таралышына себепчи болду. Натыйжада, азыркы убакта абадагы кирдетүүчү заттардын кармалышы төмөн экендиги байкалууда.

CO – 10,3 мкг/м3 (чектүү деӊгээли — 5 мкг/м3);

NO – 86,3 мкг/м3 (чектүү деӊгээли — 400 мкг/м3);

NO2 – 48,9 мкг/м3 (чектүү деӊгээли — 85 мкг/м3);

SO2 – 49,2 мкг/м3 (чектүү деӊгээли — 500 мкг/м3);

PМ2.5 – 13 мкг/м3 (чектүү деӊгээли — 160 мкг/м3).

Ал эми майда катуу бөлүкчөлөр PМ2.5 тууралуу айта турган болсок, алардын абадагы кармалышы кескин түрдө азайды.

Эгерде ноябрдын акыркы 3 күнүндө бул заттын кармалышы 440-448 мкг/куб метрге чейин жеткен болсо, бүгүн эртеӊ менен бул көрсөткүч 11-13 мкг/куб метрди түзүп, мурункуга салыштырмалуу 34 эсеге азайды.

Copyright © 2017 Maral FM