Connect with us

«Азаттыктын» иликтөөсү боюнча Бажы кызматы билдирүү жасады

Кыска кабар | 4 Дек 2019 | 2209 | 0

«Kloop.kg» жана «Азаттыктын» “Көмүскө курьерлер. Миллиондогон  долларлар кантип Кыргызстандан ташылып чыгууда” аттуу иликтөөсү боюнча Мамлекеттик бажы кызматы билдирүү жасады.

Бул макалада бажы кызматынын мурдагы кызматкери Исабеков Саматтын интервьюсу берилген, анда ал: “Бардыгы буга көз жумушкан. “Манас” аэропортунан акча туруктуу чыгып турганын биз өз көзүбүз менен көргөнбүз. Биз жасаган видео, буга  далил боло алмак” деп айткан.

«ЕАЭБдин Бажы кодексинин 260-беренесине ылайык, Биримдиктин бажы аймагына бир жолку киргизилишиндеги же Биримдиктин бажы аймагынан бир жолку чыгарылышындагы накталай акча каражаттарынын жана (же) жол чектеринин жалпы суммасы бажы органына жүргүнчүнүн бажы декларациясын тапшырган күндөгү валюталар курсу боюнча эсептелген 10 миң доллардан аша турган болсо мындай накталай акча каражаттары жана жол чектери бажылык декларацияланууга тиешелүү.

Ушуну менен бирге кандайдыр бир бажы төлөмдөрүн төлөө ЕАЭБдин бажы мыйзамдары менен каралган эмес, буга байланыштуу макаланын  “өлкөнүн бюджети бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүн жоготту” деген оюн берүүсү чындыкка дал келбейт.

Бул учурда, маселенин башка жагы бажы кызматынын мурдагы кызматкери С.Исабеков бажы кызматында жетишээрлик убакыт иштеп, ушундай жөнөкөй ченемдерди билбей, коомчулукту атайын адаштырып жатканы таң калтырат»- деп айтылат Бажы кызматынын билдирүүсүндө.

Copyright © 2017 Maral FM