Биз менен байланышыңыз

Лондондо НАТО саммити өтүп жатат

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Дек 2019 | 601 | 0

Англиянын борбору Лондондо НАТОнун курамындагы мамлекеттердин лидерлеринин эки күндүк саммити өтүп жатат.

Саммит учурунда уюмдун баш катчысы Йенс Столтенберг — НАТО – тарыхтагы эң ийгиликтүү альянс экендигин белгиледи. Ар түрдүү кырдаалга туш болгон уюм 70 жылдын ичинде бекемделгендигин айтты.

Буга чейин, АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы НАТОну каржылоону азайтууну чечкен. Ал: «Европага жардам берем» деп, АКШ өзү пайда көрбөй калып жатканын кошумчалаган.

НАТОго мүчө болгон 29 өлкөнүн башчыларынын катышуусундагы саммит 3-4-декабрь аралыгында Лондон шаарында өтүүдө.

Түндүк атлантикалык келишим уюмун 1949-жылы АКШ, Канада жана 10 европалык өлкө советтик экспансияга каршы туруу максатында негиздеген. Азыркы учурда ага 29 мамлекет мүчө болуп саналат.

Copyright © 2017 Maral FM