Биз менен байланышыңыз

Улукбек Маматаев: Орусиянын Тажикстанда өз кызыкчылыгы бар

Кыска кабар , Пикирлер | 10 мая 2021 | 965 | 0

Орусиянын Тажикстанга карата убактылуу өз кызыкчылыгы бар. Мындай пикири менен «Ак калпак» партиясынын лидери, саясатчы Улукбек Маматаев «Маралга» берген маегинде бөлүштү.

Анын айтымында, геосаясатта «жылуу мамиле», «дос», «бир тууган» деген түшүнүк жок. Болгону бир мамлекеттин экинчи мамлекетке карата кызыкчылыктары болот.

«Эмнеге Орусия Тажикстан менен мамилени жакшырууга басым жасап жатат? Анткени ары жакта чектеш Афганистан турат. Ушул жылдын аягына чейин АКШ өз аскерлерин чыгарып кетет. Бул бир чети Тажикстан үчүн да,  Орусия үчүн да бир тараптан ыңгайлуу болсо, бир жагынан коркунучтуу. Ыңгайлуу болгону — башкаруу системасын өзүмө алам деген ой болот, коркунучтуусу — НАТОнун бүгүнкү күнгө чейин кылып жаткан жумушун Орусия алышы керек. Бул — кайра эле чыгым. Орусия бүгүн өзү бүт дүйнөлүк изоляцияда болуп, кыйынчылыкта турат», — дейт саясатчы.

Copyright © 2017 Maral FM