Биз менен байланышыңыз

Эмне үчүн Түркия НАТОну Сириядагы согушка аралаштыргысы келип жатат?

Блог , Дүйнө | 13 Фев 2020 | 802 | 0

Идлибдеги абалдын курчушу Сириянын, ошондой эле Түркия аскерлеринин арасында оор жоготууларга алып келди. Мунун натыйжасында Анкара НАТОго кайрылды. Өз кезегинде альянс Түркияга моралдык колдоо көрсөткөнү менен аскердик жардам көрсөтүү вариантын карап көрө элек. Мындай абал Эрдоганды жарга такап, анын саясий келечегине балта чабышы мүмкүн.

Анкара НАТОдон Сириянын Идлиб провинциясында түзүлгөн кырдаал боюнча жардам күтүп турган учуру. Бул аймакта араб республикасынын өкмөттүк күчтөрү активдүү чабуулга өткөндүгү байкалат. Эрдогандын суранычын Түркияда бийлик жүргүзгөн Адилеттик жана өнүгүү партиясынын расмий өкүлү Өмер Челик угузду. Азырынча альянс Анкарага сөз жүзүндө гана колдоо көрсөтүүдө. Шейшемби күнү НАТОнун генералдык катчысы Йенс Столтенберг сириялык армиянын Идлибге болгон чабуулуна кабатырлангандыгын билдирип, Башар Асаддын режимин жана Асадга колдоо көрсөтүп жаткан Орусияны кол салууну токтотууга чакырды.

Идлиб маселеси кечээ, 12-февралда НАТОго мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлеринин жолугушуусунда талкууланып башталды.

Анкаранын билдирүүсүнө караганда, Сириянын өкмөттүк күчтөрү Идлибдин чыгыш тарабындагы Тафтаназ шаарындагы түркиялык байкоочу постко чабуул коюшкан. Мунун натыйжасында беш түрк жоокери мерт кетсе, бешөө жаракат алышкан. Мындан соң түрктөр жооп иртетинде сириялык тарапка сокку урган. Түркия президентинин айтымында, түрк аскерлеринин аракетинен 76 сириялык жоокер набыт болгон.

Мындан сырткары, 11-февралда Түркияга жан тарткан куралданган кошуундардын бири Сирия армиясына тиешелүү Ми-8 тик учагын атып түшүргөн. Бул тууралуу өз кезегинде түрк телевидениеси билдирген Ал эми сириялык тарап өкмөттүк аскерлердин Дамаск-Алеппо стратегиялык жолун бандиттик кошуундардан тазалаганын айтып чыкты. 432 километрди түзүп, түштүк менен түндүктү бириктирген артерия Дамаскты Сириянын өндүрүшү бар түндүк райондору менен бириктирип турат.

Анкара НАТОго кайрылып жатып, Москвага да түрктөрдүн байкоочу пункттарына Идлибеги Асаддын режиминин кол салуусун токтотуу зарылчылыгын билдирди.

Мындан бир жума мурун Орусия президенти Владимир Путин менен Түрк президенти Режеп Тайип Эрдогандын ортосунда телефондук сүйлөшүү болгон. Эки өлкөнүн лидерлери Идлибдеги эскалация зонасында абалдын курчушуна тынчсызданганын билдиришкен. Бирок дүйшөмбү күнү Анкарада орус-түрк өкүлдөрү маселе боюнча келише албай коюшкан. Ал эми Орусия президентинин пресс-катчысы Дмитрий Песков Сирия маселеси боюнча эки президенттин жолугушуусу жакынкы арада күтүлбөй тургандыгын билдирди.

Бул учурда түркиялык оппозициялык маанайдагы Улуттук кыймыл партиясынын лидери Девлет Бахчели өкмөт жетекчилигин Орусия менен мамилелерди кайра карап чыгууга чакырды. Ал Дамаск бийлиги менен катар Орусия да Сирияда курман болгон түрк жоокерлеринин өлүмүнө күнөөлүү деп эсептейт. Түрк улутчулдарынын айтымында, Анкара эч токтолбостон Дамаскка чабуул коюшу керек. Девлет Бахчелинин “Сирияны өрттөп жиберип, Идлибди жок кылгыла!” деген чакырыгын өз кезегинде ТАСС жазып чыкты.

Ал эми Эрдогандын ачык болбосо да Түркиянын улуу державалык амбицияларын ишке ашырууну көздөп жатканы көрүнөт. Ал НАТОну башка суверендүү өлкөнүн аймагында түрк аскерлерин аракетин колдоого чакырып жаткандыгы айдан-ачык көрүнөт. Анкара болсо, Сириянын түндүгүн өз аймагы катары эсептейт.

“Эрдоган Алеппону басып алгысы келгени айдан-ачык көрүнүп турат” дейт “Взгляд” гезитине берген маегинде орус саясат талдоочусу Семен Богдасаров. Анын айтымында, түрктөр үчүн Алеппо чоңдугу боюнча Константинополдон кийинки Осмон империясынын экинчи шаары болгон. Түрктөр аны азыркыга чейин өздөрүнүкү деп эсептешет. Эрдоган болсо учурда бул шаарга көзөмөл жүргүзүүнү абдан каалап турган чагы.

Эксперттердин пикири боюнча, Эрдоган НАТОнун кийлигишүүсү менен Орусияны коркутуп:”Силер чыгып кетсеңер, мен өзүн бардыгын ирээттеп алам” деген сыяктуу өзүнүн схемаларын киргизгиси келип жатат. Багдасаровдун айтымында, Эрдоган сириялык аймакка ээ болуу үчүн Орусияны да, АКШны пайдаланат деп эсептейт.

Ал эми Орусия ТИМинин Дипломатиялык академиясынын академиги, чыгыш таануучу Александар Вавилов Түркиянын НАТОго жардам сурап кайрылганын аргасыз кадам деп эсептейт. “Взгяд” гезитине берген комментарийинде эксперт Эрдогандын партиялаштарынын билдирүүсүн Анкаранын нервдик кризиске кабыл болуусу деп эсептейт. Эрдоган бир эле учурда Идлибде Москванын колдоосуна ээ болуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөргө жармашып жаткандыгы көрүнөт. “Түркия бүгүн Сирияда абдан кыйын абалда калды” деп эсептейт эксперт.

Вавиловдун айтымында, Түркиянын аскердик аракеттери сириялык аскерлердин аймактагы аскердик операциялары башталганынан тартып күчүнө кирди.

Өз кезегинде чатак болгон аймактан качкандардын саны да көбөйгөн. “Башында ар кайсы булактардын маалыматтарына ылайык ,250 миң качкын деп айтылса, БУУ берген маалыматта бүгүнкү күндө качкындардын саны 700 миңге жеткен. Алардын бардыгы тең Түркиянын чек арасын көздөй кетип баратышат. Эрдоган бир канча ирет мынчалык көп сандагы качкындарды кабыл ала албай тургандыгын билдирген. Учурда Түркиянын аймагында эки миллиондон ашык сириялык качкындын бар экендиги да жашыруун эмес. «Бул өлкө үчүн өтө оор жүк” деп эсептейт Вавилов.

«Ким эмне десе да, түрк аскерлеринин Сириянын аймагында болушу мыйзамсыз. Эл аралык укуктун негизинде түрк аскерлери Асаддын армиясы үчүн мыйзамдуу бута болуп саналат. Анткени сириялыктар Сирияда өздөрүнүн суверендүү укуктарын ишке ашырып жатышат”, — деп эсептейт саясат талдоочу Мирзоян. Эксперттин пикиринде, Эрдоган аскерлерин өлкөдөн алып чыгып кетиши керек. Бирок бул жеңилүү ызасын моюнга алуу болуп саналып калат. Мындай утулуш түрк президентинин жана анын партиясынын рейтингине катуу сокку урат. Ансыз деле алардын учурдагы абалы жакшы эмес. Бул өз кезегинде Түркияда улутчулдардын позициясын күчөтөрү анык. “Учурда Эрдогандын колунан болгону кайра эле жаңы басып алуу менен коркутуу, курулай опузалоо гана келип, НАТОдон кайра-кайра жардам сурайт. Анын мындай аракети эч нерсеге өтпөйт, айткан сөзү суу кечпейт” деп эсептейт Мирзоян.

Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган эгерде түрк аскерлерине коркунуч жараткан Сириянын Идлиб провинциясынын үстүндө учкан бардык учактарды атып түшүрөрүн айтып коркутту. Бул тууралуу Daily Sabah басылмасы жазып чыкты.

Анын сөздөрүнө караганда Анкара бул аймактагы түрк аскерлерине коркунуч жараткан күчтөр болсо, эч кылчактабай туруп кол салат. “Идлиб жашоочуларын бомбалаган учактар мындан ары эркин уча албайт. Баары атып түшүрүлөт” деп билдирди түрк президенти.

Ошондой эле Эрдоган Орусия президенти менен Идлиб маселеси боюнча сүйлөшүлгөн Сочи келишимдери күчүн жоготкондугун айтты. Мунун себебин Асаддын жана башкалардын келишимди биринчилерден болуп одоно бузгандыгы менен түшүндүрдү.

2018-жылдын сентябрь айында түрк жана орус тарап Сирия боюнча тынчтык келишимине жетишишкен. Акыркы келишим Сириянын түндүк аймагында аскердик операцияларды токтотууга багытталган. Ошондой орус-түрк аскерлеринен турган аскердик патрулдарды түзүү жана Идлиб менен Алепподо деэскалация зоналарын түзүүнү уюштуруу каралган.

 

Copyright © 2017 Maral FM