Биз менен байланышыңыз

Журналист Али Токтакуновдун УКМКга келип сурак бериши талап кылынууда

Кыска кабар | 4 Дек 2019 | 406 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) “Азаттык Медиа” мекемесинин журналисттери Мухаммедали (Али) Токтакунов менен Ыдырыс Исаковдун УКМКга келип сурак беришин талап кылууда. Бул тууралуу атайын кызмат бүгүн тараткан билдирүүдө айтылат.

УКМК тарабынан ведомстволор аралык тергөө тобунун өндүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 39-беренеси жана 130-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери боюнча катталган сотко чейинки териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Азыркы учурда «Азаттык Медиа» мекемесинин журналисттери Мухаммедали (Али) Токтакуновдун жана Ыдырыс Исаковдун катышуусу менен тергөө аракеттери өткөрүлүүгө тийиш. Мурдагы күнү, 2-декабрда “Азаттык Медиасынан” келген катта, аталган журналисттер чет өлкөдө жүргөндүгүнө байланыштуу скайп аркылуу тийиштүү суроолорго жооп берүү даярдыгы белгиленген, — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Бирок, Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары болгон адамдын катышуусу менен скайп аркылуу, же башка техникалык байланыш режиминде тергөө аракеттеринин өткөрүлүшү Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 194-беренсине (дистанциялык суракка алуу) дал келбестигин УКМК белгилейт.

Ошондуктан, өлкөнүн Жазык-процесстик кодексинин 34-36-жана 189-беренелеринин талаптарына ылайык, тергөө органына «Азаттык Медиа» мекемесинин кызматкерлери Мухаммедали (Али) Токтакуновдун жана Ыдырыс Исаковдун келип сурак берүүсүн камсыз кылууну УКМК суранат.

Copyright © 2017 Maral FM