Биз менен байланышыңыз

Тажикстан Өзбекстанга электр энергиясын экспорттоону токтотту

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Дек 2019 | 532 | 0

Тажик электр энергиясын Өзбекстанга экспорттоо токтотулду. Тажикстан бийлиги суук түшкөнүнө байланыштуу өлкөнүн ички муктаждыгын толугу менен камсыздоо үчүн электр энергиясын экспорттоо убактылуу токтотулганын айткан.

Буга чейинки келишимге ылайык, Дүйшөмбү Ташкентке электр энергиясын апрелден октябрга чейин, Тажикстандын өзүдө жеткиликтүү болуп турган аралыкта эле жеткирип турмак.

2019-жылдын апрель-сентябрь айларынын ичинде Тажикстан Өзбекстанга саатына 1,5 млрд кВт электр энергиясын экспорттогон. Кайрадан экспорт иштери апрель айынан баштап жанданат.


Өзбекстанда нааразычылыкка чыккан эл жолдорду тороп алды


Эске салсак, 2-декабрда Өзбекстандын Фергана облусунда элдер газ жана жарыктын берилүүсүн талап кылып, нааразылыкка чыгышкан.

Ага чейин Андижан облусунда көгүлтүр от менен жарыктын жоктугунан улам, топ болуп чогулган эл транспорт жүрүүчү жолдорду тороп алышкан. Дал ушундай эле нааразычылык акциялары бир күн мурда Сырдарыя облусу менен Каракалпакстанда да өткөн. Өлкөдөгү мындай жагдайды чечүү үчүн атайын топ түзүлүп, маселени түшүндүрүү үчүн көйгөйлүү аймактарга жөнөтүлдү.

Өзбекстанда суук башталгандан бери энергетикалык кризис уланып келет. Бир нече региондордогу тургундар социалдык тармактар аркылуу газ менен жарыктын жоктугуна байланыштуу нааразычылыгын билдирип келишет. Ташкентке да электр энергиясын жеткирүү үзгүлтүккө учураганы айтылууда.

Copyright © 2017 Maral FM