Биз менен байланышыңыз

Ошто эркин күрөш боюнча VIII эл аралык турнир башталды

Кыска кабар | 8 Ноя 2019 | 520 | 0

Бүгүн, 8-ноябрда Ош шаарындагы “ Динамо” спорт клубунда СССРдин эркин күрөш боюнча эмгек сиңирген машыктыруучулары Ахмед, Мухаммед Абитовдордун жаркын элесине арналган VIII эл аралык эркин күрөш боюнча турнир башталды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Мелдештин расмий ачылышына Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров, шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Кылычбек Саркарбаев, Абитовдордун жакындары жана спортчулар катышты.

Турнирде Кыргызстандын 7 облусунан, Бишкек, Ош шаарларынан, Өзбекстан жана Тажикстандан келген 300гө жакын спортчулар 14 салмактык категорияда күч сынашууда.

Мелдештин жеңүүчүлөрүнө Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан, медалдар, дипломдор жана баалуу белектер тапшырылат.

Турнир эртен, 9-ноябрда жыйынтыкталат.

Copyright © 2017 Maral FM