Биз менен байланышыңыз

Бишкек жана Ош шаарларынын айрым көчөлөрүндө газ өчөт

Кыска кабар | 9 Сен 2019 | 433 | 0

Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери жүрүп жатканына байланыштуу Бишкек жана Ош шаарларынын айрым аймактарында газ берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ишканасынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирди.

Тактап айтканда, төмөнкү аймактарда жана үйлөрдө белгиленген убакытка чейин газ болбойт:

  • 9-10-сентябрда Бишкек шаарынын Лев Толстой көчөсүнүн №67, 69, 71, 73/2, 77/1 дарегинде;
  • 2-Черепки көчөсүнүн №58-61 дарегинде;
  • 10-12-сентябрда Бишкек шаарынын Юлиус Фучик, Ленская, С. Лазо көчөлөрү кесилишкен аймакта;
  • Восток айылында;
  • 10-сентябрда Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районунда;
  • 11-сентябрда Ош шаарынын Черемушка кичи районунда;
  • 12-сентябра Ош шаарынын М. Абжалов көчөсүндө;
  • 13-сентябрда Ош шаарынын Сулайманов көчөсүндө;

«Газпром Кыргызстан» ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн шаар тургундарынан кечирим сурап, жагдайга түшүнүү менен мамиле кылуусун өтүнөт.

Copyright © 2017 Maral FM