Биз менен байланышыңыз

Ош шаарында газ берүү токтотулат

Кыска кабар | 18 Июн 2019 | 440 | 0

18-19-июнда «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсы Ош шаарынын айрым райондоруна жаратылыш газын берүүнү убактылуу токтотот. Бул тууралуу аталган мекеменин коомчулук жана маалымат каражаттары менен байланыш бөлүмү билдирди.

Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу төмөнкү райондордо газ болбойт:

-18-июнда Ишматов, Шаумян, Төлөнов, Крылов, Туран кичи району, Физкультурная көчөсүндө;

-19-июнда Зайнабетдинов көчөсүндө;

Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери газ колдонуучуларды үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө. Андыктан, шаар тургундарын түшүнүү менен кабыл алуусун аталган мекеме өтүнөт.

 

Copyright © 2017 Maral FM