Биз менен байланышыңыз

Бишкектин айрым аймактарында беш күнгө газ өчүрүлөт

Кыска кабар | 9 Мар 2020 | 412 | 0

Бишкектин айрым аймактарында беш күнгө газ өчүрүлөт. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, авариялык-оңдоо иштерине байланыштуу 9-13-март күндөрү Бишкек шаарынын төмөнкү райондорунда жаратылыш газы убактылуу жок болот:

  • Красный Строитель конушунда;
  • А.Жаманбаев, Гагарин, Островский көчөлөрүнүн, Островский, Бакаев, Алтымышев тар көчөлөрүнүн, Тынчтык проспектисинин, Минин көчөсүнүн, Ала-Арча районунун, Табалдиев көчөсүнүн кесилишкен аймагында.

Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери газ колдонуучуларды үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM