Бишкектин айрым аймактарында беш күнгө газ өчүрүлөт. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, авариялык-оңдоо иштерине байланыштуу 9-13-март күндөрү Бишкек шаарынын төмөнкү райондорунда жаратылыш газы убактылуу жок болот:
- Красный Строитель конушунда;
- А.Жаманбаев, Гагарин, Островский көчөлөрүнүн, Островский, Бакаев, Алтымышев тар көчөлөрүнүн, Тынчтык проспектисинин, Минин көчөсүнүн, Ала-Арча районунун, Табалдиев көчөсүнүн кесилишкен аймагында.
Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери газ колдонуучуларды үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.