Биз менен байланышыңыз

Ош шаарында газ өчүрүлөт

Кыска кабар | 2 Июл 2019 | 817 | 0

2-5-июлда Ош шаарынын айрым аймактарында газ берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» компаниясынын коомчулук жана маалымат каражаттары менен байланыш бөлүмү билдирди.

Оңдоо жана калыбына келтирүү иштерине байланыштуу Ош шаарынын Мамыров, Киров, Атабаев, Закиров, Фергана көчөлөрүндө жаратылыш газы өчүрүлөт. Бул иштер шаар калкын жаратылыш газы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.

Компания келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн шаар тургундарынан кечирим сурап, кырдаалды түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөт.

 

Copyright © 2017 Maral FM