Биз менен байланышыңыз

Газ менен жүргөн автобустан 4 айда 20 млн сом үнөмдөлгөн

Кыска кабар | 17 Окт 2019 | 534 | 0

Бишкек мэриясы табигый газ менен жүрүүчү автобустардан 4 айда шаардык бюджетке 20 млн сом үнөмдөдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Бүгүнкү күндө Бишкекте дизелдин ордуна жаратылыш газы менен жүргөн 100 автобус жүргүнчүлөрдү тейлеп жатат. Бул автобустар шаардын экономикасына жана экологиясына кам көрүү максатында жыл башында сатылып алынган.

«Чыгашаларды кыскартуу жана шаардын экологиясын сактоо дайыма башкы маселе бойдон калат. Табигый газды колдонуу менен олуттуу үнөмдөөгө мүмкүн болууда. Дээрлик 50 пайыз чыгаша азайып, шаар экологиясына пайдалуу натыйжа берүүдө», — дейт Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов.

Табигый газды унааларга пайдалануу күн сайын кенен жайылып баратат. Буга анын баасынын арзан экенин да себеп. 1 куб метр газдын баасы 19,5 сом болсо, ошол эле маалда 1 литр дизель майы 45 сом болууда.

Бул багытта мэрия менен «Газпром Кыргызстан» компаниясы тыгыз кызматташып келет. Компаниянын маалыматы боюнча, 4 айда муниципалдык автобустар 945 миң куб метр газ пайдаланган. Бул аралыкка орто эсеп менен 850 миң литр дизель майы керектелет. Бул көрсөткүчтөрдө пайдаланылган газ менен дизелдин баасында дээрлик 19,8 миллион сом айырма болот. Эгер бул көрсөткүчтөрдү жылга эсептесек, анда жылдык үнөмдүн көлөмү 60 млн сомго жетет.

«Сандар көрсөтүп тургандай табигый газды пайдалануу бюджетке эки эсе үнөм алып келип жатат. Бул — таза экология, каржылык үнөм. Унаа каражаттарын, анын ичинде коомдук унааларды табигый газга өткөрүү зыяндуу заттардын тарашын азайтып, табияттын таза болушуна өбөлгө түзөт. Зыяндуу заттарды азайтуудан экономикалык натыйжа бир топ жогорулайт», — дейт «Газпром-Кыргызстан» компаниясынын башкы директорунун кеңешчиси – коммерциялык директору Арзымат Алдаяров.

Шаар бийлиги муниципалдык автобустарды алмаштыруу максатында Түркиядан газ менен жүрүүчү 500 автобус алып келүү аракетин көрүп жатат. Бул боюнча Стамбулдагы «Анадолу Групп» холдингинин директору Тунжай Озилхан менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн.

Бишкек мэриясы аталган ишкана менен бул багытта кызматташуу Меморандумуна кол койгон.

«Жакында эле биз жаратылыш газы менен жүрүүчү көп орундуу автобустарды сатып алуу боюнча Стамбулдагы «Анадолу Групп» холдингинин башчысы Тунжай Озилхан менен сүйлөшүү жүргүздүк. Ал жерден кызматташуу Меморандумуна кол койдук. Биз алардан 500 газ менен жүрүүчү автобус сатып алганы жатабыз. Бул багыттагы иштер улантылат», — деди Бишкек мэри Азиз Суракматов.

Copyright © 2017 Maral FM