Биз менен байланышыңыз

10 айда 1447 бажы мыйзамын бузуу фактылары катталган

Кыска кабар , Экономика | 3 Дек 2019 | 614 | 0

Ушул жылдын 10 айында мамлекеттик бюджеттин тартыштыгы 3 млрд сомдон ашты. Бул тууралуу Финансы министрлигинин расмий сайтында айтылат.

Мамлекеттик бюджеттин жалпы кирешеси 125,4 млрд сомду түзгөн. Анын 110 миллиард сомго жакыны республикалык бюджеттин кирешеси болгон. Ал эми 17,8 млрд жергиликтүү бюджеттин кирешеси болуп саналат.

10 ай ичинде мамлекеттик казынадан 128,5 млрд сомдук төлөмдөр жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында, 3 млрд сомдон ашык таңкыстык келип чыккан.

2019-жылдын 10 айында Мамлекеттик бажы кызматынын укук коргоо бөлүмдөрүнүн кызматкерлери бажы мыйзамы бузулган 1447 фактыны аныкташкан. Бул тууралуу аталган кызматтын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.

Ага ылайык:

Бузуулардын бирдиктүү реестринде – 1246 факт катталган, бул 2018-жылдын ушул эле мезгилине салыштырганда 198 фактыга көп.  Айып санкциялары жана товарлардын наркы – 7 100 000 сом суммасында өндүрүлгөн.  162 500 000 сом Бажы төлөмдөрү төгүлгөн.

Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде – 201 факт катталды, бул 2018-жылдын ушул эле мезгилине салыштырганда 68 фактыга көбөйгөн. Мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын орду – 35 900 000 сомго толтурулган. Бардыгы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетине кошумча түшүүлөрдүн суммасы – 205 600 000 сомду түзгөн.

Copyright © 2017 Maral FM