Биз менен байланышыңыз

Жогорку технологиялар паркынын кирешеси 9 айда 681 млн сомду түздү

Кыска кабар | 1 Дек 2019 | 419 | 0

Жогорку технологиялар паркынын жаңы кеңсесинин ачылышы аземи болду. Анда вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Жогорку технологиялар паркынын жаңы кеңсесинин ачылышына катышты.

Ал сөзүндө  өкмөттүн IT тармагын колдоого алганы натыйжалуу болуп жатканын белгиледи. 9 айда Жогорку технологиялар паркынын 77 резидентинин кирешеси 681 млн. сомду түздү. Бул жерде 700 дөн ашуун киши иштейт. 

Вице-премьер-министрдин айтымында, өкмөтүнүн жаңы расмий сайты Жогорку технологиялар паркынын программисттери тарабынан иштелип чыккан.

Кыргыз өкмөтүнүн токтомуна ылайык, Жогорку технологиялар паркы салыктан жана камсыздандыруу төлөмүнөн 15 жылга бошотулган. Кыргызстан программисттер ассоциациясынын демилгеси менен 2011-жылы өлкөдө Жогорку технологиялар паркы ачылган

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM