Биз менен байланышыңыз

Атамбаевге дагы бир кылмыш боюнча айып тагылды

Кыска кабар | 30 Ноя 2019 | 1927 | 0

Камакта жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге дагы бир кылмыш боюнча айып тагылды. Бул тууралуу анын жактоочусу Сергей Слесарев маалымат каражаттарына билдирди.

Атамбаев кармала элек маалда “Мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулганы боюнча суракка келген эмес.

Атамбаевге шектүү катары билдирүүнү тапшырышты. Ага бир гана Батукаевге байланышкан эпизод боюнча расмий айып тагышууда. Мен буга чейин айтып келгендей: тергөөдө Алмазбек Атамбаевдин күнөөсү бар экенин мойнуна коё турган бир дагы далили жок. Кылмыш иши жасалма, — деди жактоочу.

Ал ошондой эле кийинки, 6-декабрга белгиленген сот отурумунда Алмазбек Атамбаевди мындан ары сотко чакырбоо тууралуу өтүнүч киргизерин, мурдагы президент процесске катышуудан баш тартып жатканын кошумчалады.

“Мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушун териштирүү боюнча иликтөө иштери 2019-жылдын январь айынан тарта жанданган. Ал иш октябрь айында сотко өткөн.

Мында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен кошо 19 кишиге айып тагылууда. Алардын катарында Батукаевге диагноз койгон дарыгер, лаборант, Жазаларды аткаруу кызматынын өкүлдөрү,  жогорку кызматта иштеген бир катар экс-чиновниктер да бар.

Copyright © 2017 Maral FM