Биз менен байланышыңыз

Мирзиёев: Борбор Азиядагы ар бир өлкө аймакта туруктуулук үчүн татыктуу салым кошууда

Кыска кабар | 29 Ноя 2019 | 365 | 0

Борбор Азиядагы ар бир өлкө аймакта туруктуулук жана өсүп-өнүгүү болушу үчүн татыктуу салым кошууда. Мындай пикирин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Ташкент шаарында өтүп жаткан Борбордук Азия мамлекет башчыларынын экинчи Консультативдик жолугушуусунун кеңейтилген курамындагы отурумунда билдирди:

Бул жолугушуу биздин кызыкчылыктарыбыздын бир экенин, аймактагы кызматташтыктын маанилүү маселелери боюнча бирдиктүү чечим кабыл алууга жана ачык диалогго даяр экенибизди көрсөтүүдө. Маданий-тарыхый мурастарга бай биздин аймак Европа, Жакынкы Чыгыш, Түштүк жана Чыгыш Азияны бириктирген көпүрө болуп келген. Бул аймакта дүйнө цивилизациясынын өнүгүшүнө баа жеткис салымын кошкон гуманисттер, окумуштуу, ойчул жана акындар жашаган, — деди ал.

Белгилей кетсек, экинчи Консультативдик жолугушууга президент Сооронбай Жээнбеков, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедов, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев катышууда.

Борбордук Азия мамлекет башчыларынын биринчи Консультативдик жолугушуусу 2018-жылдын 15-мартында Казакстанда болуп өткөн.

Copyright © 2017 Maral FM