Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан өнүккөн өлкөлөрдүн рейтингинде 88-орунда

Кыска кабар | 28 Ноя 2019 | 461 | 0

Кыргызстан өнүккөн өлкөлөр тууралуу «Legatum Prosperity Index – 2019» глобалдык рейтингинде 167 өлкөнүн ичинен 88-орунду ээледи.

Маалыматка ылайык, рейтинг «Legatum Institute» эл аралык аналитикалык уюму аркылуу даярдалган. Алар 12 категориянын негизинде: экономикалык көрсөткүч, соода жана инфраструктура, ишкананын шарттары, мамлекеттик башкаруу, жеке эркиндик, социалдык капитал, коопсуздук, билим, саламаттык жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча карашкан.

Кыргызстан социалдык капитал, коопсуздук жана билим тармактарынан жакшы көрсөткүчкө ээ болгон. Ал эми соода-инфраструктурасы жана ишкананын кызматкерлерге түзгөн шарттары сыяктуу тармактардын аксап жатканы көрсөтүлгөн.

КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Орусия 74, Казакстан – 68, Беларусия – 73, Өзбекстан — 103, Түркменистан – 108 жана Тажикстан – 114-тизмеден орун алган.

Ал эми сап башында Дания, Норвегия жана Швейцария өлкөлөрү турат. Тизменин соңунда Йемен жана Түштүк Судан өлкөлөрү жайгашкан.

Copyright © 2017 Maral FM